08.07.2021 №132 Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын2021-жылдын 19-майындагы № 208 токтому менен2021-жылдын 7-июнуна дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэрин шайлоодепутаттардын кворуму жок болгондугуна байланыштуу өткөн жок.

Кербеншаарынын мэринин кызмат ордуна бир талапкер Айдаралиев Медетбек Курбанбаевич«Бүтүн-Кыргызстан» депутаттык фракциясынан сунушталып катталган.Кербеншаардык кеңешиндеги 31 депутаттын 15 депутаты катышты.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын2021-жылдын 6-июнундагы№ 368 токтому менен 2021-жылдын 21-июнуна дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэрин кайра шайлоо,катталган талапкер Айдаралиев Медетбек Курбанбаевич шайлоого катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу өткөн жок.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын2021-жылдын 21-июнундагы № 540 токтому менен 2021-жылдын 5-июлуна дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаарынын мэрин шайлоо,депутаттардын кворуму жок болгондугуна байланыштуу өткөн жок.

Кербеншаарынын мэринин кызмат ордуна бир талапкер Атамкулов Айбек «Өнүгүү-Прогресс» депутаттык фракциясынан сунушталып катталган.Кербеншаардык кеңешиндеги 31 депутаттын 15 депутаты катышты.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кербен шаардыккеңешти таркатуу жөнүндө 16 депутаттан арыз келип түшкөн.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 5-бөлүгүнүн 5-абзацына ылайык,эгерде тиешелүү кеңештин депутаттары белгиленген мөөнөттөрдө шаар мэрин шайлай албаган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңешти таркатат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентине Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешти таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындоо жөнүндө сунуш жөнөтүлсүн.

2. Бул чечим«Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдинаткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 8-июлу

№ 132