08.04.2023 №16 Айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө
2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-1-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,
18-беренелерин, 2023-жылдын 6-февралындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жѳнүндѳ» ПЖ № 19 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, «Жалпы иш» жана «Айгүл» коомдук фондуларынын 2023-жылдын 8-апрелиндеги (кир.№17/490, №.№17/490) билдирүүлөрүн жана жолдомолорунун негизинде,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу «Жалпы иш» жана «Айгүл» коомдук фондуларынын келип түшкөн билдирүлөрү эске алынсын.
2. 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында коомдук байкоочу болуп төмөндөгүлөр катталсын:
«Жалпы иш»коомдук фондунан Суйундуева Аида Дженишбековна;
«Айгүл» коомдук фондунан:
- Эгембердиева Бүбүсалиха;
- Саматова Кыздаргул Абдилазизовна;
- Исакова Бубузара Юсуповна.
3. 2-пунктта көрсөтүлгөн коомдук байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
4. Бул чечим төмөн турган шайлоо комиссияларына 1-пунктта көрсөтүлгөн коммерциялык эмес уюмдун коомдук байкоочуларын мыйзамда белгиленген тартипте каттоо жана аларга белгиленген формадагы күбөлүктөрдү берүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2023-жылдын 8-апрели
№ 16