08.02.2023 №3 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө
2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6 жана 8-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй айрым кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» 2023-жылдын 6-февралындагы ПЖ №19 Жарлыгынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй айрым жергиликтүү кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктүн жана календардын тексти тиркемеге ылайык бекитилсин. 2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2023-жылдын 8-февралы
№3