08.02.2022 №142 №29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Улукбек Абдивалиевич Тургунбаевдин шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
№29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Улукбек Абдивалиевич Тургунбаевдин шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 2022-жылдын 6-февралында (кириш № 01-14/186) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 61-беренесинин 10-бөлүгүнүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Улукбек Абдивалиевич Тургунбаевдин 2022-жылдын 27-февралына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын кайра шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу жөнүндө арызынын негизинде катталган талапкердин каттоосу жокко чыгарылсын.
2. №29 Свердлов шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкер У.А. Тургунбаевдин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2022-жылдын 2-февралындагы №135 чечими менен катталган шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Джелденбаева Эркеган Мусаевнанын, финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Мусаева Айнура Ташболотовнанын каттоосу жокко чыгарылсын.
3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып, шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары Э.М. Джелденбаевага берилген №103, финансылык маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү катары А.Т.Мусаевага берилген №104 каттоо ырастамалар анык эмес деп таанылсын.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2022-жылдын 8-февралы
№ 142