07.06.2024 №196 №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Казыбек Кочкорович Эргешовдун шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
№29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Казыбек Кочкорович Эргешовдун шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы жөнүндө
№29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Казыбек Кочкорович Эргешовдун шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө 2024-жылдын 6-июнунда (кириш №12/1080) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн Казыбек Кочкорович Эргешовдун 2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу арызы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 30-майындагы 153 жана 2024-жылдын 3-июнундагы №185 чечимдери менен К.К. Эргешовдун катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, шайлоо маселелери боюнча – А.Т. Эмилбаеванын, финансы маселелери боюнча – П.Н. Дуйшеналиеванын каттоосу жокко чыгарылсын.
3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөргө берилген каттоо ырастамалары анык эмес деп таанылсын.
4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары - талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2024-жылдын 7-июну
№ 196