06.09.2023 №203 №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн  Жамалбек Самарбекович Ырсалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн  Жамалбек Самарбекович Ырсалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө

 

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жамалбек Самарбекович Ырсалиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө  2023-жылдын  30-августундагы (кириш № 12/1565) түшкөн арызына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 601-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык,  «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, 

 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Токтобеков Саламат Кубанычбекович №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Жамалбек Самарбекович Ырсалиевдин финансы маселелери боюнча  ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын. 

2. Катталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо ырастамасы берилсин.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

 4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоону өткөрүүдө талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2023-жылдын 6-сентябры

№ 203