05.11.2024 №289 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу “Жалпы иш” коомдук фондунун билдирүүсү жана коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө
2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу “Жалпы иш” коомдук фондунун билдирүүсү жана коомдук байкоочуларды каттоо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 81-беренесин, 2024-жылдын 6-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” ПЖ № 256 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы № 226 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумун өткөрүүдө коомдук байкоочуларды каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, “Жалпы иш” коомдук фондунун 2024-жылдын 1-ноябрындагы (кир.№ 14/2702) билдирүүсүнүн жана жолдомосунун негизинде,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде байкоо жүргүзүү ниети тууралуу “Жалпы иш” коомдук фондунан келип түшкөн билдирүүлөр эске алынсын.
2. 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында “Жалпы иш” коомдук фондунан коомдук байкоочулар болуп катталышсын:
- Суйундуева Аида Дженишевна;
- Байтурова Гульназ Жиянкуловна;
- Шербеков Искендер Тимурович.
3. 2-пунктта көрсөтүлгөн “Жалпы иш” коомдук фондунан коомдук байкоочу болуп катталган коомдук байкоочуларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
4. Бул чечим аймактык шайлоо комиссияларына жана участкалык шайлоо комиссияларына 1-пунктта көрсөтүлгөн коммерциялык эмес уюмдун коомдук байкоочуларын мыйзамда белгиленген тартипте каттоо жана аларга белгиленген формадагы күбөлүктөрдү берүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2024-жылдын 5 - ноябры
№ 289