05.03.2024 №8 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо участкалары үчүн көрнөктүн жана календардын тексттери

2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо участкалары үчүн көрнөктүн жана календардын тексттерин бекитүү жөнүндө

 

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8, 10-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттарын  мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» 2024-жылдын 4-мартындагы ПЖ №60 Жарлыгынын негизинде,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. 2024-жылдын 28-апрелине дайындалган №2 Баткен жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо шайлоо участкалары үчүн көрнөктөрдүн жана календардын тексттери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 5-марты

8