04.11.2022 №233 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө

 

Жемиштүү кызматташкандыгы үчүн, кесиптик майрам - Маалымат жана басма сөз күнүнүнурматына, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 3-февралындагы №31 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, 
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ардак грамотасы менен жалпыга маалымдоо каражаттары жана журналисттер тиркемеге ылайык сыйлансын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсепке алуу жана отчеттуулук бөлүмү жана адам ресурстарын башкаруу сектору ушул чечимден келип чыккан зарыл чараларды ишке ашырсын.

3. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2022-жылдын 4- ноябры

№ 233