04.05.2023 №91 №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Калыков Улугбек Абдисаттаровичтин, Абдылдаев Азат Шералиевичтин, Аджиматова Бубайим Кочкоровнанын шайлоого катышууда

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары көрсөтүлгөн Калыков Улугбек Абдисаттаровичтин, Абдылдаев Азат Шералиевичтин, Аджиматова Бубайим Кочкоровнанын шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арыздары жөнүндө

 

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн У.А. Калыковдун 2023-жылдын 2-майындагы (кириш №12/665), А.Ш. Абдылдаевдин 2023-жылдын 2-майындагы  (кириш №12/668), Б.К. Аджиматованын 2023-жылдын 2-майындагы (кириш №12/670) шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу жана А.Ш. Абдылдаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө түшкөн арыздарына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесине, 61-беренесинин 10-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

1. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары өзүн-өзү көрсөткөн У.А. Калыковдун, А.Ш. Абдылдаевдин,  Б.К. Аджиматованын 2023-жылдын 28-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна катышуудан баш тартуу тууралуу  жана А.Ш. Абдылдаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып алуу жөнүндө арыздары эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 13-апрелиндеги №20 чечими менен катталган А.Ш. Абдылдаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү – К.Т. Азимбаевдин каттоосу жокко чыгарылсын.

3. Бул чечим күчүнө кирген учурдан тартып катталган ыйгарым укуктуу өкүлгө берилген каттоо ырастамасы анык эмес деп таанылсын.

4. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө талапкерлер жана саясий партиялар тарабынан берилүүчү шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2023-жылдын 4-майы

91