04.04.2024 №76 Маматкулов Максатбек Борубаевичти №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
Маматкулов Максатбек Борубаевичти №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер катары каттоо жөнүндө
2024-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө М.Б. Маматкуловдон арыз келип түшкөн.
2024-жылдын 28-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо, М.Б. Маматкуловду талапкер катары каттоо үчүн 2024-жылдын 29-мартында керектүү документтери берилген.
Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун 2024-жылдын 4-апрелиндеги №35-корутундусу менен, М.Б. Маматкулов талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына жооп бергендиги аныкталып, аны каттоо боюнча маселе кароого сунушталган.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 59, 60-1, 61-беренелерин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ЧЕЧИМ КЫЛАТ:
1. Маматкулов Максатбек Борубаевич №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп катталсын.
2. №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер М.Б. Маматкуловго белгиленген үлгүдөгү ырастама берилсин.
3. Бул чечим «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары, талапкерлер, саясий партиялар тарабынан сунушталган шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун жетекчиси Н.Ч. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2024-жылдын 4-апрели
№ 76