02.08.2021 №157 Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин шайланган депутаттарын каттоо жөнүндө

Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин шайланган депутаттарын каттоо жөнүндө

2021-жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 27-майындагы ПЖ № 231 Жарлыгы менен дайындалган Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоо болуп ѳттү.

2021-жылдын 22-июлундагы добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдорунун маалыматына ылайык, тѳмѳндѳгү 5 саясий партиянын талапкерлеринин тизмеси 7 жана андан кѳп пайыз шайлоочулардын добуштарын алышкан:

- «Бирге-Вместе» - 28,28% (9 мандат);

- «Эмгек» - 24,83% (8 мандат);

- «Асыл Мурас-Жаштар» - 16,67% (5 мандат);

- «Патриот Ынтымагы» - 13,70% (5 мандат);

- «Эл Биримдиги» - 12,14% (4 мандат).

2021-жылдын 26-июлундагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын № 637 токтомунун негизинде Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамы таркатылган жана Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоонун натыйжалары жѳнүндѳ протоколу бекитилген. Токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына 2021-жылдын 30-июлунда жарыяланган.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 51-беренесине, 2021-жылдын 26-июлундагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын № 637 токтомуна ылайык,                

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ЧЕЧИМ КЫЛАТ:

 

1. Токмок шаардык кеңешинин шайланган депутаттары тиркемеге ылайык катталсын.

2. Токмок шаардык кеңештин шайланган депутаттарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшырсын.

3. Бул  чечим  Кыргыз Республикасынын   Шайлоо   жана  референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул чечимдин  көчүрмөсү  Токмок шаардык кеңешке жөнөтүлсүн.

5. Бул  чечимдин  аткарылышын  контролдоо   Кыргыз Республикасынын  Шайлоо  жана  референдум  өткөрүү  боюнча  борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Н. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                        

Бишкек ш., 2021-жылдын 2-августу
№ 157