13.12.2021 №831 Бир мандаттуу № 36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы №370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №684 токтому менен бир мандаттуу №36 Ысык-Көл шайлоо округунун схемасы жана чек арасы бекитилди.
Бир мандаттуу Ысык-Көл шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 61 шайлоо участогу түзүлгөн.
Бир мандаттуу №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 89 726 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 27 783 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 30,96%ды түздү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 13 талапкерди каттады:
1. Тукунов Акжолтой Шакирбекович;
2. Мамытова Назгуль Туратбековна;
3. Хасанов Канат Зерликович;
4. Мамбеталиева Анара Хамзаевна;
5. Имеров Мирбек Джаныбаевич;
6. Аджибаева Жаңыл Бейшеновна;
7. Маратов Мирлан Ильичевич;
8. Сураналиев Талгат Чыныбекович;
9. Малдыбаева Салиман Жанузаковна;
10. Аманбаев Искендер Эркинович;
11. Орозобаев Таалайбек Айтпаевич;
12. Сарбагышев Максатбек Канатбекович;
13. Сарбагышев Талантбек Кыдыргазиевич.
Анын ичинен 12 талапкер добуш берүүгө катышты.
Бир мандаттуу №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 5 арыз жана даттануу түштү. Түшкөн бардык арыздар жана даттануулар каралып чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.
№36 Ысык-Көл округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 10-декабрындагы №7 чечими менен, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, № 3003, 3012 шайлоо участокторунда шайлоо бюллетендеринин саны шайлоочулардын санынан ашып кеткендигине байланыштуу добуш берүүнүн жыйынтыктары жокко чыгарылды.
Ал көрөстүлгөн шайлоо участогунда добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу №36 Ысык-Көл округунун натыйжасына таасир этпеген. Шайлоонун натыйжалары боюнча №36 Ысык-Көл шайлоо округунун 59 шайлоо участогунда жыйынтыктар чыгарылды.
Бир мандаттуу №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Ысык-Көл округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 10-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык:
- Тукунов Акжолтой Шакирбекович 2512 (9,04%) добуш алды;
- Мамытова Назгуль Туратбековна 1157 (4,16%) добуш алды;
- Хасанов Канат Зерликович 1784 (6,42%) добуш алды;
- Мамбеталиева Анара Хамзаевна 656 (2,36%) добуш алды;
- Имеров Мирбек Джаныбаевич 454 (1,63%) добуш алды;
- Аджыбаева Джаныл Бейшеновна 1897 (6,83%) добуш алды;
- Маратов Мирлан Ильичевич 3047 (10,97%) добуш алды;
- Сураналиев Талгат Чыныбекович 2076 (7,47%) добуш алды;
- Аманбаев Искендер Эркинович 333 (1,20%) добуш алды;
- Орозобаев Таалайбек Айтпаевич 963 (3,47%) добуш алды;
- Сарбагышев Максатбек Канатбекович 5887 (21,19%) добуш алды;
- Сарбагышев Талантбек Кыдыргазиевич 4053 (14,59%) добуш алды;
«Баарына каршы» позициясы үчүн 2213 (7,97%) добуш берилди.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, «Ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат».
Бир мандаттуу №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу №36 Ысык-Көл округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 10-декабрындагы протоколунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бир мандаттуу №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.
2. Сарбагышев Максатбек Канатбекович - бир мандаттуу №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш. 2021-жылдын 13-декабры
№ 831