13.12.2021 №830 Бир мандаттуу № 34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо натыйжалары тууралуу

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы №370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №684 токтому менен бир мандаттуу №34 Жети-Өгүз шайлоо округунун схемасы жана чек арасы бекитилди.

Бир мандаттуу Жети-Өгүз шайлоо округунда добуш берүүнү өткөрүү үчүн 99 шайлоо участогу түзүлгөн. 

Бир мандаттуу №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча шайлоочулардын тизмесине 108 424 шайлоочу киргизилген, алардын ичинен 39 898 шайлоочу добуш берүүгө катышты, бул 36,80%ды түздү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 17 талапкерди каттады:

1. Исмаилов Муратбек Кубанычбекович;

2. Омуралиев Арыстанбек Мелисович;

3. Абдрахматова Атыр Болотбековна;

4. Айтакунов Бактыбек Кубатович;

5. Иманкожоева Эркингуль Бекбачаевна;

6. Казакбай уулу Замирбек;

7. Жапаров Талантбек Рысбекович;

8. Сулаев Жекшен Эсенбекович;

9. Алымов Манас Кадырович;

10. Моңолдоров Дамир Черикович;

11. Сагынбаев Канат Райымбекович;

12. Кемелов Акыл Канатбекович;

13. Малиев Арсланбек Касымакунович;

14. Шамырканов Болотбек Муратбекович;

15. Тологонов Бакыт Талантович;

16. Эшмамбетов Руслан Толонович,

17. Ибраев Саматбек Кулукеевич.

Бир мандаттуу №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 5 арыз жана даттануу түштү. Түшкөн бардык арыздар жана даттануулар каралып чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.

Бир мандаттуу №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Жети-Өгүз округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-декабрындагы протоколунун маалыматтарына ылайык:

-Исмаилов Муратбек Кубанычбекович 5096 (12,77%) добуш алды;

-Омуралиев Арыстанбек Мелисович 823 (2,06%) добуш алды;

-Абдрахматова Атыр Болотбековна 3293 (8,25%) добуш алды;

-Айтакунов Бактыбек Кубатович 1348 (3,38%) добуш алды;

-Иманкожоева Эркингуль Бекбачаевна 827 (2,07%) добуш алды;

-Казакбай уулу Замирбек 796 (1,99%) добуш алды;

-Жапаров Талантбек Рысбекович 1889 (4,73%) добуш алды;

-Сулаев Жекшен Эсенбекович 2406 (6,03%) добуш алды;

-Алымов Манас Кадырович 1155 (2,89%) добуш алды;

-Монолдоров Дамир Черикович 1266 (3,17%) добуш алды;

-Сагымбаев Канат Райымбекович 678 (1,70%) добуш алды;

-Кемелов Акыл Канатбекович 2908 (7,29%) добуш алды;

-Малиев Арсланбек Касымакунович 7337 (18,39%) добуш алды;

-Шамырканов Болотбек Муратбекович 339 (0,85%) добуш алды;

-Тологонов Бакыт Талантович 1515 (3,80%) добуш алды;

-Эшмамбетов Руслан Толонович 2368 (5,93%) добуш алды;

-Ибраев Саматбек Кулукеевич 3373 (8,45%) добуш алды;

«Баарына каршы» позициясы үчүн 1563 (3,92%) добуш берилди.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, «Ушул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын кыйла көп добушун алган талапкер бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп таанылат».

Бир мандаттуу №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу №34 Жети-Өгүз округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7-декабрындагы протоколунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө»                                    Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 26-пунктун, 8-беренесин жетекчиликке алып,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бир мандаттуу № 34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо болуп өттү деп таанылсын.

2. Малиев Арсланбек Касымакунович - бир мандаттуу №34 Жети-Өгүз шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын  Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                        Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш. 2021-жылдын 13-декабры

№ 830