12.12.2021 №826 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округундагы шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы № 370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 5-сентябрындагы №684 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын схемасы жана чек аралары жөнүндө" токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын схемасы жана №26 Ленин бир мандаттуу округунун чек арасы бекитилген.
Ленин бир мандаттуу округунда добуш берүүлөрдү уюштуруу үчүн 51 шайлоо участогу уюштурулган. №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунда 111 465 шайлоочу тизмеге кирген, алардын ичинен 34 655 шайлоочу добуш берүүгө катышып, бул 31,09% түздү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына төмөнкү 11 талапкерди каттады:
- Джеенбеков Равшан Бабырбекович;
- Нурланбеков Актилек Нурланбекович;
- Эсенаманов Мурат Кубанович;
- Алсеитов Айбек Жусупович;
- Кунакунов Максат Касымжанович;
- Жолдошбаев Камчыбек;
- Усупбекова Анаркул Мырзабековна;
- Ташиев Анарбек Рыскулович;
- Абиров Жаныбек Болотбекович;
- Калыков Улугбек Абдисатарович;
- Макешов Кубанычбек Бектемирович.
Анын ичинен 10 талапкер шайлоого катышты.
Бир мандаттуу № 26 Ленин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде 4 арыз жана даттануу түштү. Түшкөн бардык арыздар жана даттануулар каралып чыкты жана алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.
Ленин округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9-декабрындагы №13/1 чечими менен «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, №1032, 1038 шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды.
Ал көрөстүлгөн шайлоо участактарында добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу №26 Ленин округунун натыйжасына таасир этпеген. Шайлоонун натыйжалары боюнча № 26 Ленин шайлоо округунун 49 шайлоо участогунда жыйынтыктар чыгарылды.
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9-декабрындагы протоколунун маалыматына ылайык:
Джеенбеков Равшан Бабырбекович - 3888 добуш алган (10,63%);
Нурланбеков Актилек Нурланбекович – 813 добуш алган (2,22%);
Эсенаманов Мурат Кубанович - 1028 добуш алган (2,81%);
Алсеитов Айбек Жусупович - 683 добуш алган (1,87%);
Кунакунов Максат Касымжанович - 3672 добуш алган (10,04%);
Усупбекова Анаркул Мырзабековна - 1290 добуш алган (3,53%);
Ташиев Анарбек Рыскулович - 1346 добуш алган (3,68%);
Абиров Жаныбек Болотбекович - 11445 добуш алган (31,28%);
Калыков Улугбек Абдисатарович - 400 добуш алган (1,09%);
Макешов Кубанычбек Бектемирович - 507 добуш алган (1,39%);
«Бардыгына каршы» позициясына -10 233 шайлоочу добуш берген (27,97%).
Бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду, автоматтык эсептөөчү шайлоо урналарынын жыйынтыктоочу отчетторун жана идентификациялык жыйынтыктоочу чектерди салыштыруунун натыйжалары боюнча, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоонун жыйынтыктары боюнча округдук шайлоо комиссияларынан шайлоо документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топ (мындан ары - Жумушчу топ) буларды аныктады: добуш берген шайлоочулардын саны идентификацияланган шайлоочулардан №1013, 1014, 1048: №1013-участкалык шайлоо округдарында 1 бюллетенге, №1014 жана 1048 УШКда 2 бюллетенге көп.
Ушуга байланыштуу КР БШК №1013, 1014, 1048 шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп таануу зарыл деген бүтүмгө келет.
№1013, 1014, 1048 шайлоо участкаларында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу добуш берүүнүн жыйынтыгына таасирин тийгизбейт. Шайлоонун натыйжалары боюнча № 26 Ленин шайлоо округунун 46 шайлоо участогунда жыйынтыктар чыгарылды.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Конституциялык мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, округдук шайлоо комиссиясы жогору турган шайлоо комиссиясынын чечими боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп табууга укуктуу.
Джеенбеков Равшан Бабырбекович - 3672 (10,60%) добуш алган;
Нурланбеков Актилек Нурланбекович – 770 (2,22%) добуш алган;
Эсенаманов Мурат Кубанович - 1000 (2,89%) добуш алган;
Алсеитов Айбек Жусупович - 658 (1,90%) добуш алган;
Кунакунов Максат Касымжанович - 3508 (10,12%) добуш алган;
Жолдошбаев Камчыбек – талапкердин каттоосу жокко чыккан;
Усупбекова Анаркул Мырзабековна - 1160 (3,35%) добуш алган;
Ташиев Анарбек Рыскулович - 1284 (3,71%) добуш алган;
Абиров Жаныбек Болотбекович - 10914 (30,91%)добуш алган;
Калыков Улугбек Абдисатарович - 374 (1,08%) добуш алган;
Макешов Кубанычбек Бектемирович - 481 (1,39%) добуш алган;
«Бардыгына каршы» позициясына 9656 (27,86%) шайлоочу добуш берген.
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Конституциялык мыйзамынын 64-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңештин шайланган депутаты деп, бул бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын эң көп добушун алган талапкер таанылат.
Бир мандаттуу №26 Ленин шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө округдук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9-декабрындагы протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР Конституциялык мыйзамынын 37-беренесинин 1, 4-бөлүктөрү, 64-беренесинин 51-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" КР Конституциялык мыйзамынын 3-беренесинин 26-пунктун, 4-беренесинин 1-бөлүгүн жана 8-беренесин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. №1013, 1014, 1048 шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын.
2. № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоо өттү деп табылсын.
3. Абиров Жаныбек Болотбекович № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылсын.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш. 2021-жылдын 12-декабры
№826