22.10.2021 № 758 Жайыл, Кочкор, Кара-Кулжа жана Токтогул округдук шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Жайыл, Кочкор, Кара-Кулжа жана Токтогул округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн шайлоо комиссияларынын курамдарынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 12-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыл округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Кожокеева Бактыгуль Токтосуновна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Омурзакова Гульнара Мергенбаевна киргизилсин.
2. Кочкор округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Деркенбаев Карыпбек Момункулович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Рысбаев Топчубек Акимжанович комиссиянын курамына киргизилсин.
3. Кара-Кулжа округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Абдибает кызы Гулдар жана Эсенбаева Миргул Эсенбаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Торобекова Назгул Ногойбаевна жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен Дододоев Уланбек Абдимиталипович киргизилсин.
4. Токтогул округдук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Кулибаев Усеналы Далибаевич, Аширова Гулбарам Абдраимовна, Суеркулов Келсинбек Тажымырзаевич жана Абдымаликова Гулзад Жумабаевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Токталиева Айжаркын Карыбековна, Мырзаканов Улан Нуржанович, Чому кызы Мээрим жана Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан Исираилов Улан Токтоналиевич киргизилсин.
5. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 22-октябры
№ 758