20.10.2021 №755 Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү шайлоо округунун схемасын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун
Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын
мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү шайлоо
округунун схемасын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Бирдиктүү шайлоо округунун схемасын жана чек араларын бекитүү жөнүндө Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын сунушу менен берилген чечиминин негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 13-октябрындагы ПЖ № 457 Жарлыгына ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округунун схемасы жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш, 2021-жылдын 20-октябры
№ 755