05.07.2021 №606 2021-жылдын 28, 29-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга жана Ак-Шыйрак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу прот
2021-жылдын 28, 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 15-июнундагы № 471 токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга жана Ак-Шыйрак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо болуп өттү.
Тамга айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Дуйшембиев Адилет Керээзбекович катталган. Талапкер Тамга айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 28-июнундагы протоколу менен Тамга айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, А. К. Дуйшембиев – 13 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 7 добуш берилгендиги белгиленген.
Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 28-июнундагы протоколу менен Дуйшембиев Адилет Керээзбекович Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ак-Шыйрак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Асаналиев Эрлан Шаршенбекович, Акулуев Бекболот Батикович, Джаналиев Урустам Асанбекович, Керимкулов Асылбек Калмакович катталган. Талапкерлер Ак-Шыйрак айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 29-июнундагы протоколу менен Ак-Шыйрак айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаты катышып, Э. А. Асаналиев – 6 добуш, Б. Б. Акулуев – 2 добуш, У. А. Джаналиев – 0 добуш, А. К. Керимкулов – 3 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 29-июнундагы протоколу менен Асаналиев Эрлан Шаршенбекович Ак-Шыйрак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга жана Ак-Шыйрак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 28, 29-июнундагы Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын Тамга жана Ак-Шыйрак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 28-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн жана Ак-Шыйрак айыл өкмөтүнүн башчыларын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 28, 29-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга жана Ак-Шыйрак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Дуйшембиев Адилет Керээзбекович Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Асаналиев Эрлан Шаршенбекович Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Тамга жана Ак-Шыйрак айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 5-июлу
№ 606