05.07.2021 №600 2021-жылы 25 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 25 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 25 - июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 11-июнундагы № 420 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.
Арашан айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Бектенов Азамат Бектенович жана Чодиев Бекназар Садыралиевич катталышкан, Арашан айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 25-июнундагы протоколу менен Арашан айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 10 депутаты катышып, А.Б. Бектеновго – 8 добуш, Б.С. Чодиевге – 2 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 25-июнундагы протоколу менен Бектенов Азамат Бектенович Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 25-июнундагы Аламүдүн аймактык Шайлоо комиссиясынын Арашан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун 2021-жылдын 25-июнунда өткөрүлгөн Арашан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 25-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Чуй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Бектенов Азамат Бектенович Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Арашан айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 5-июлу
№ 600