01.07.2021 № 583 2021-жылдын 25-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылдын 25-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 11-июнундагы № 415 токтому менен дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Халмион айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Дадаев Муктарали Бектинович, Максутов Замирбек Нурмаматович, Сарыбекова Өктамхон Эргешевна, Саматов Шайырбек Абдилатович - Халмион айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.

Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 25-июнундагы протоколу менен Халмион айылдык кеңешиндеги 31 депутаттын ичинен 28 депутаты катышып, М. Дадаевге – 2 добуш, З. Максутовго – 20 добуш,  Ө. Сарыбековага – 4 добуш, Ш. Саматовго – 2 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 25-июнундагы протоколу менен Максутов Замирбек Нурмаматович Халмион айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 25-июнундагы Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын Халмион айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине,   Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук  комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  2021-жылдын 25-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 25-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Максутов Замирбек Нурмаматович Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Халмион айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                          

Бишкек ш., 2021-жылдын 1-июлу

№ 583