№481 Жалал-Абад облусунун Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү: А.А. Дыйканов, О.К.Абдуллаев комиссиясынын курамынан, Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 25-сентябрындагы № 69 чечиминин негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- “Республика” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Дыйканов Аслидин Абсатторович, “Кыргызстан үй куруучулардын партиясы” Республикалык коомдук-саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдуллаев Олжобай Куламидинович, “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Зияев Ниязбек Исмайилович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Бекмурзаев Турат Асилбекович, Нышанбаев Бактыбек Камчыбекович, Дуйшобаев Альмазбек Садирбекович резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.С. Жумагуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 28-сентябрь
№ 481
