№434 2017-жылдын 3-сентябрында өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколду бекитүү жөнүндө
2017-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 1-июлундагы № 125 Жарлыгы менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.
Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинде мандаттардын санын 31ди түзөт. Кара-Суу шаардык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн бирдиктүү 1 шайлоо округ жана 6 шайлоо участок түзүлгөн. Шайлоочулардын санын 9587 түзүп, анын ичинен 5956 шайлоочу добуш берүүгө катышып, бул шайлоочулардын жалпы санынан 62,1 % түзөт.
Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы берген протоколунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 56-1-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 3-сентябрындагы Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколу бекитилсин (тиркелет).
- Бул токтомдун көчүрмөсү Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясына жана Кара-Суу шаардык кеңешине жиберилсин.
- Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы депутат болуп шайлангандардын тизмесин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.
- Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 9 - сентябры
№ 434
