30.07.2021 №642 2021-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 25-майындагы № 302 токтому менен дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Досатов Дастанбек Мамасыдыкович, Тагаева Райкан Тайкараевна - Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.
Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешиндеги бардык 21 депутаты катышып, Д. Досатовго – 11 добуш, Р. Тагаевага – 10 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Досатов Дастанбек Мамасыдыкович Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
2021-жылдын 14-июнунда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) Р.Т. Тагаевадан арыз келип түшкөн, арызды карап чыгып жыйынтыгында Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 21-июнунда № 117 чечимин кабыл алынган. Аталган чечимидин 2-пункту менен Кадамжай АШКнын 2021-жылдын 11-июнундагы Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколу жана 2021-жылдын 11-июнундагы Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжасы жөнүндө Кадамжай АШКнын протоколу жокко чыгарылган.
2021-жылдын 29-июнунда Д.М. Досатов Бишкек шаарынын административдик сотуна Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 21-июнундагы № 117 чечимин жараксыз деп табуу жөнүндө доо арызы менен кайрылган.
2021-жылдын 24-июлунда Д. Досатовдун сотко кайрылуусунун натыйжасында Бишкек шаарынын административдик сотунун чечими менен Д.М. Досатовдун доо арызы канааттандырылып, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 21-июнундагы № 117 чечиминин 2-пункту жокко чыгарылган. Бишкек шаарынын административдик соттун чечими кассациялык инстанцияда даттанылган жок.
2021-жылдын 11-июнундагы Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 11-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Досатов Дастанбек Мамасыдыкович Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н. Койчукеевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 30-июлу
№ 642