29.06.2021 № 579 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево жана Өрүктү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево жана Өрүктү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

 

2021-жылдын 26-июнуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көлрайонунун Ананьевоайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо,депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» позициясына берилгендигине байланыштуу, айыл өкмөтүнүн башчысышайланбайкалган.

2021-жылдын 13-июнуна дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көлрайонунун Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо, белгиленген мөөнөттөрдө бир дагы талапкер катталбаганына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган.

         «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Көл облусунунЫсык-Көлрайонунун Ананьевоайыл өкмөтүнүн башчысын,жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо2021-жылдын 13-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көлрайонунун Өрүктү айыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоо2021-жылдын 13-июлуна дайындалсын жана саат 15-00дөн 18-00гө чейин өткөрүлсүн.

3. Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен өткөрүүнү уюштурсун.

4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 29-июну

№ 579