29.06.2021 № 574 2021-жылдын 24-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Лейлек районунун Катран айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 10-июнундагы № 393 токтому менен дайындалган Баткен облусунун Лейлек районунун Катран айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Катран айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Салибаев Эсенали Нусуратиллаевич, Абалов Нургазы Куттузович, Жалилов Асан Абдиманапович, Салимбеков Нурмат Доорович - Катран айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.
Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 24-июнундагы протоколу менен Катран айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, Э. Салибаевге – 11 добуш, Н. Абаловго – 1 добуш, А. Жалиловго – 4 добуш, Н. Салимбековго – 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 24-июнундагы протоколу менен Салибаев Эсенали Нусуратиллаевич Катран айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Баткен облусунун Лейлек районунун Катран айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 24-июнундагы Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын Катран айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 24-июнунда өткөрүлгөн Баткен облусунун Лейлек районунун Катран айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 24-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Баткен облусунун Лейлек районунун Катран айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Салибаев Эсенали Нусуратиллаевич Баткен облусунун Лейлек районунун Катран айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Катран айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төраганын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 29-июну
№ 574