29.06.2021 № 572 2021-жылдын 25-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 11-июнундагы №418 токтому менен дайындалган Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.
Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Акышев Акматбек Анаркулович, Байдовлетов Басылбек Нукенович, Бакиров Сейитбек Сапарович катталган. Талапкерлер Бакайыр айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 25-июнундагы протоколу менен Бакайыр айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып, 1-турда: А.А. Акышев - 1 добуш, Б.Н. Байдовлетов– 10 добуш, С.С. Бакиров– 10 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш, 2-турда: Байдовлетов– 6 добуш, С.С. Бакиров– 15 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 25-июнундагы протоколу менен Бакиров Сейитбек Сапарович Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 25-июнундагы Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 25-июнунда өткөрүлгөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 25-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Бакиров Сейитбек Сапарович Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Бакайыр айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 29-июну
№ 572