28.06.2021 № 567 2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2021-жылы 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 9-июнундагы №382 токтому менен дайындалган Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.
Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер–Батталов Ырысбек Сапарбекович, Осмоналиев Таалайбек Муктасынович катталган. Талапкерлер Ак-Кыя айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 23-июнундагы протоколу менен Ак-Кыя айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып, Ы.С. Батталов - 20 добуш, Т.М. Осмоналиев – 1 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 23-июнундагы протоколу менен Батталов Ырысбек Сапарбекович Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. 2021-жылдын 23-июнундагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен
бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кочкор аймактык
шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Батталов Ырысбек Сапарбекович Нарын облусунун Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 28-июну
№ 567