28.06.2021 № 566 2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 23-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын9-июнундагы № 383токтому менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төрайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Көл-Төрайыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Калчаев Мелисбек Жайлобекович, Ногойбаев Мунарбек Дайырович, Рысбай уулу Тойчубек катталган. Талапкерлер Көл-Төрайылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 23-июнундагы протоколу менен Көл-Төрайылдык кеңешиндеги 11 депутатын 10 депутаты катышып,1 турда: М.Ж. Калчаев–5 добуш, М.Д. Ногойбаев – 0 добуш, Т. Рысбай у. – 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш, 2 турда:  М.Ж. Калчаев–0 добуш, Т. Рысбай у. – 10 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 23-июнундагы протоколу менен Рысбай уулу ТойчубекКөл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төрайыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 23-июнундагыТоң аймактык шайлоо комиссиясынын Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 2021-жылы 23-июнунда өткөрүлгөн Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Рысбай уулу Тойчубек Ысык-Көл облусунун Тоң районунун  Көл-Төр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Тоң аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Көл-Төрайыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                  Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 28-июну

№ 566