28.06.2021 № 565 2021-жылы 10-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 25-майындагы № 295 токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Нариман айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Мамажунусов Чингиз Бекмаматович, Ормонов Бакытбек Исраилович, Хосилов Нодир Носирович катталган. Талапкерлер Нариман айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Нариман айылдык кеңешиндеги 31 депутаты катышып, Ч.Б. Мамажунусов -11 добуш, Б.И. Ормонов – 0 добуш, Н.Н. Хосилов – 19 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш.
Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Хосилов Нодир Носирович Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1 арыз келип түшкөн. Келип түшкөн арыз каралып, ал боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечим кабыл алынган.
2021-жылдын 10-июнундагы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын Нариман айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 10-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн
жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 10-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Хосилов Нодир Носирович Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Нариман айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 28-июну
№ 565