25.06.2021 № 561 Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервинеөзгөртүүлөрдүкиргизүү жөнүндө

Ош аймактык шайлоо комиссиясынынмүчөсүК. М. Ниязбековдун Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө арызыныннегизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18,19-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын21-1-беренесинин1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын2019-жылдын6-декабрындагы № 176токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынанкөрсөтүлгөн Ниязбеков Кушубак Мамашович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынанкөрсөтүлгөн Ысмайылова Бурулуш Аматакуновнарезервден комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
  2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовгожүктөлсүн.

 

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 25- июну

№ 561