25.06.2021 № 557 2021-жылы 20, 21 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш, Юрьевка жана Узун-Кыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду  бекитүү жөнүндө

2021-жылы 20, 21 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш, Юрьевка жана Узун-Кыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду  бекитүү жөнүндө 

 

2021-жылы 20, 21 - июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-июнундагы № 356 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш, Юрьевка жана Узун-Кыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Бексултанова Миржан Таубековна, Джолдошев Максат Таалайбекович жана Эмилбек уулу Бакыт катталышкан. Талапкерлер Бексултанова Миржан Таубековна, Джолдошев Максат Таалайбекович жана Эмилбек уулу Бакыт Сын-Таш айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан. 

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 20-июнундагы протоколу менен Сын-Таш айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып, М.Т. Бексултановага – 3 добуш, М.Т. Джолдошевге12 добуш, Эмилбек уулу Б.6 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 20-июнундагы протоколу менен Джолдошев Максат Таалайбекович Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Юрьевка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Асанов Кемелбек Джумабекович жана Майлибашев Айбек Бекболотович катталышкан. Талапкерлер Асанов Кемелбек Джумабекович жана Майлибашев Айбек Бекболотович Юрьевка айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 20-июнундагы протоколу менен Юрьевка айылдык кеңешиндеги баардык 11 депутаттын 11 депутаты катышып, К.Д. Асановго 5 добуш, А.Б. Майлибашевге6 добуш,  «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 20-июнундагы протоколу менен Майлибашев Айбек Бекболотович Юрьевка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Чокошов Султан Авасович катталган. Талапкер Чокошов Султан Авасович Узун-Кыр айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 21-июнундагы протоколу менен Узун-Кыр айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 10 депутаты катышып, С.А. Чокошовго10 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына -  0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 21-июнундагы протоколу менен Чокошов Султан Авасович Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш, Юрьевка жана Узун-Кыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.      

2021-жылдын 20, 21-июнундагы Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Сын-Таш, Юрьевка жана Узун-Кыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде,  «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7,  18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»   Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык,      

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук  комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 2021-жылдын 20-июнунда өткөрүлгөн Сын-Таш жана Юрьевка айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылдын 21-июнунда өткөрүлгөн Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 20, 21- июнундагы протоколдору бекитилсин.    

1.1. Чуй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш, Юрьевка жана Узун-Кыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.        

1.2. Джолдошев Максат Таалайбекович Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Майлибашев Айбек Бекболотович Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Чокошов Султан Авасович Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Сын-Таш, Юрьевка жана Узун-Кыр айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.     

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

2.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

                                                            

Бишкек ш., 2021-жылдын 25-июну

№ 557