23.09.2021 №707 Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

 Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү А. Р. Рахмоновдун, У. Ш .Омуралиевдин, Ф. Р. Усупжановдун  комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Рахманов Айбек Рахманович, «Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Усупжанов Фархат Рахимжанович жана «Замандаш» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Омуралиев Утан Шабданбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын,

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Насымбатов Санжи Султанович, Супатаев Адилет Бекейович, Акылбек уулу Максат резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.    

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Н. Койчукеевге жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                   Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 23-сентябры
№ 707