23.06.2021 № 546 2021-жылы 18-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абадоблусунун Токтогулрайонунун А. Суеркуловайыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 18-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абадоблусунун Токтогулрайонунун А. Суеркуловайыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын4-июнундагы №362токтому менен дайындалган Жалал-Абадоблусунун ТоктогулрайонунунА. Суеркуловайыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоо болуп өттү.

А. Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Кадыркулов Мергенбай Карагулович, Токоев Улан Тынымбекович, Тууганбаев Көчкөнбай Чороевичкатталган. Талапкерлер А. Суеркулов айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 18-июнундагы протоколу менен А. Суеркуловайылдык кеңешиндеги 21 депутаттын21 депутаты катышып,М. Кадыркуловго –11 добуш,У. Токоевге– 0 добуш, К. Тууганбаевге – 9 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 18-июнундагы протоколу менен Кадыркулов Мергенбай КарагуловичА. Суеркуловайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Жалал-Абад облусунун Токтогулрайонунун А. Суеркулов айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 18-июнундагыТоктогулаймактык шайлоо комиссиясынын А. Суеркуловайыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынчабашкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын29-беренесинеылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылы 18-июнундаөткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун ТоктогулрайонунунА. Суеркуловайыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Токтогулаймактык шайлоо комиссиясынын2021-жылдын18-июнундагыпротоколдору бекитилсин.

1.1. Жалал-Абадоблусунун Токтогулрайонунун А. Суеркуловайыл өкмөтүнүн башчысынкайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Кадыркулов Мергенбай КарагуловичЖалал-Абадоблусунун Токтогулрайонунун А. Суеркуловайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Токтогулаймактык шайлоо комиссиясы шайланган А. Суеркуловайыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                             

Бишкек ш., 2021-жылдын 23-июну

№546