23.06.2021 № 544 2021-жылы 2-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абадоблусунун Базар-Коргонрайонунун Бешик-Жонайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжаларытууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 2-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абадоблусунун Базар-Коргонрайонунун Бешик-Жонайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжаларытууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 2-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-майындагы №219 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Адишов Алтынбек Жапарбаевич, Мамбеталиев Нурмухамед Камалбекович, Мамасалиев Нурбек Нематович катталган. Талапкерлер А. Адишов, Н. Мамбеталиев Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациянын башчысынан жана Н. Мамасалиев Бешик-Жон айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июнундагы протоколу менен Бешик-Жон айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутатыкатышып,А. Адишовго –12 добуш, Н. Мамбеталиевге– 8 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 2-июнундагы протоколу менен Адишов Алтынбек Жапарбаевич Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Жалал-Абадоблусунун Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жана Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясына 2 арыз келип түшкөн.Келип түшкөн арыздар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынды.

2021-жылдын 2-июнундагыБазар-Коргонаймактык шайлоо комиссиясынын Бешик-Жонайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынчабашкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын29-беренесинеылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылы 2-июнундаөткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Базар-КоргонрайонунунБешик-Жонайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Базар-Коргонаймактык шайлоо комиссиясынын2021-жылдын2-июнундагыпротоколдору бекитилсин.

1.1. Жалал-Абадоблусунун Базар-Коргонрайонунун Бешик-Жонайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Адишов Алтынбек ЖапарбаевичЖалал-Абадоблусунун Базар-Коргонрайонунун Бешик-Жонайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Базар-Коргонаймактык шайлоо комиссиясы шайланган Бешик-Жонайыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                             

Бишкек ш., 2021-жылдын 23-июну

№544