23.06.2021 № 542 2021-жылдын 10-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылдын 10-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-майындагы № 257 токтому менен дайындалган Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү.

Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэринин кызмат ордуна 3 талапкер –Джалилов Адамжан Абдуллажанович­­­ «Нур» депутаттык фракциясынан, ­­Каримов Нодирбек Тохтасинович көпчүлүк коалициясынан, Калматов Мухтаржан Маматжанович «Ата-Журт Кыргызстан» депутаттык фракциясынан сунушталып катталган.

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Өзгөн шаардык кеңешиндеги баардык 31 депутаты катышып, А.А. Джалилов – 14 добуш, Н.Т. Каримов – 17 добуш, М.М. Калматов – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен ­­Каримов Нодирбек Тохтасинович Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэри болуп шайлангандыгы аныкталды.

Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн мэрин шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 1 арыз келип түшкөн. Келип түшкөн арыз каралып, ал боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынып, арыз ээлерине кат түрүндө жооп жиберилген жана укук коргоо органдарына суроо-талапжөнөтүлгөн.

2021-жылдын 10-июнундагы Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 10, 18-беренелерине,

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине ылайык

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүүбоюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылы 10-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн
жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу 
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 10-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. ­­Каримов Нодирбек Тохтасинович Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын мэри болуп шайланды деп табылсын.

2.Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Өзгөн шаарынын мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 23-июну

№ 542