23.04.2024 №36 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Коргонбай уулу Жусупбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунун депутаты Коргонбай уулу Жусупбектен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө 2024-жылдын 22-апрелинде (кириш. №7/644) келип түшкөн өз арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна,6-бөлүгүнө, 59-беренесинин 7-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна,   2-бөлүгүнө ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунун депутаты Коргонбай уулу Жусупбектин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Коргонбай уулу Жусупбектин күбөлүгү анык эмес деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентине №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө сунуш жөнөтүлсүн.

4. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2024-жылдын 23-апрели

№ 36