№226 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодогу коомдук байкоочулардын статусу, ыйгарым укуктары жана иш тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда депутаттарын шайлоодогу коомдук байкоочулардын статусу, каттоонун тартиби жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу

(КР Борборшайлоокомунун 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 453, 2020-жылдын 22-январындагы № 11 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-1-беренесин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо жана Кыргыз Республикасынын референдумунда депутаттарын шайлоодогу коомдук байкоочулардын статусу, каттоонун тартиби жөнүндө" жобо бекитилсин.

(КР Борборшайлоокомунун 2017-жылдын 15-сентябрындагы № 453, 2020-жылдын 22-январындагы № 11 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум

өткөрүү боюнча борбордук

 комиссиясынын

төрагасынын орун басары                 А.Бекматов

 

Бишкек ш., 2017-жылдын 11-июлу

№ 226