22.10.2021 № 759 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын айрым токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө

2021-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2021-жылдын 20-октябрындагы кол коюлган «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» № 123  Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (мындан ары - Мыйзам) күчүнө кирди.

Мыйзамдын 47, 53-беренелерине ылайык, райондук маанидеги шаарлардын мэрлери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары аким тарабынан дайындалат. Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери Президент тарабынан дайындалат.

Мыйзамдын 70-беренесинде, төмөнкүлөр белгиленген:

“1) ушул Мыйзамга ылайык колдонуудагы мыйзамдар ишке ашырылганга чейин алар ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат;

  1. ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин шайланган шаарлардын мэрлери, айыл өкмөт башчылары шайланган мөөнөт аяктаганга чейин өз ыйгарым укуктарын аткарууну улантышат;
  2. Шаарлардын мэрлеринин, айыл өкмөт башчыларынын милдетин аткаруучулар мыйзамда белгиленген эрежелерге ылайык шаардын жаңы мэри жана айыл өкмөтүнүн башчысы дайындалганга чейин өз милдеттерин аткарышат.”

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөнкү шайлоолорду дайындаган:

- 2021-жылдын 05-октябрындагы №721 токтому менен Нарын облусунун Нарын шаарынын мэрин 2021-жылдын 22-октябрына

-2021-жылдын 9-сентябрындагы №729 токтому менен Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысын 2021-жылдын  28-октябрына;

-2021-жылдын 13-октябрындагы №734 токтому менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөтүнүн башчысын  2021-жылдын 1-ноябрына;

 

- 2021-жылдын 15-октябрындагы № 738 токтому менен Ош облусунун Ош облусунун Араван районундагы Алля Анаров айыл өкмөтүнүн башчысын 2021-жылдын 3-ноябрына;

- 2021-жылдын 15-октябрындагы № 739 токтому менен Чүй облусунун Жайыл районунун Красно-Восточный айыл өкмөтүнүн башчысын 2021-жылдын 3-ноябрына;

- 2021-жылдын 17-октябрындагы № 742 токтому менен Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнүн башчысын 2021-жылдын 5-ноябрына;

-2021-жылдын 19-октябрындагы №753 токтому менен 2021-жылдын 25-октябрына Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын мэрин кайра шайлоо;

- 2021-жылдын 20-октябрындагы № 754 токтому менен Ош облусунун Ноокат районунун Ноокат шаарынын мэрин, 2021-жылдын 8 –ноябрына.

2021-жылдын 20-октябрындагы "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" №123 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төмөнкү токтомдору жокко чыгарылсын:

- 05.10.2021-жылдагы  №721 токтому;

- 09.10.2021-жылдагы № 729 токтому;

- 13.10.2021-жылдагы №734 токтому;

- 15.10.2021-жылдагы №738 токтому;

- 15.10.2021-жылдагы №739 токтому;

- 17.10.2021-жылдагы №742 токтому;

- 19.10.2021-жылдагы №753 токтому;

- 20.10.2021-жылдагы №754 токтому.

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                     Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек, 22 -октябрь, 2021-жыл

№ 759