21.07.2021 №631 2021-жылдын 15-июлунда өткөрүлгөн Ош облусунун Араван  районунун  Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу

2021-жылдын 15-июлунда өткөрүлгөн Ош облусунун Араван  районунун  Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу

 

2021-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 1-июлундагы № 588 токтому менен дайындалган Ош облусунун Араван      районунун Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.

Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 6 талапкер – Парханов Абдишүкүр  Курбанбаевич, Абдураимов Насридин Сатвалдиевич, Шаймкулов Алмазбек Абдуганиевич, Маматов Абдували Абсаламович, Мелибаев Шерали Абдыкалылович, Кудайбердиев Замирбек Курманбекович Мангыт айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталып катталган.

Араван   аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июлундагы протоколу менен Мангыт айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, биринчи турунда А.К. Парханов – 5 добуш, Н.С. Абдураимов – 1 добуш, А.А. Шаймкулов – 7 добуш, А.А. Маматов – 8 добуш, Ш.А. Мелибаев – 0 добуш, З.К. Кудайбердиев – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген, экинчи турунда А.А. Шаймкулов - 11 добуш,  А.А. Маматов – 9 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Араван   аймактык шайлоо комиссиясынын кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июлундагы протоколу менен Шаймкулов Алмазбек Абдуганиевич Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ош облусунун Араван районунун Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 15-июлундагы Араван   аймактык шайлоо комиссиясынын Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине,
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген «Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү  боюнча  борбордук  комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  2021-жылдын 15-июлунда өткөрүлгөн Ош облусунун Араван  районунун Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодо
добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун
натыйжасы тууралуу Араван      аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 15-июлундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ош облусунун Араван районунун Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Шаймкулов Алмазбек Абдуганиевич Ош облусунун Араван районунун Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.    Араван   аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                     Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                                                           

Бишкек ш., 2021-жылдын 21-июлу

№ 631