21.06.2021 № 537

2021-жылы 7, 11, 12 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк, Нурманбет, Ысык-Ата жана Красная - Речка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду  бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 7, 11, 12 -июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 232, 2021-жылдын 25-майындагы № 311 токтомдору менен дайындалган Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк, Нурманбет, Ысык-Ата жана Красная - Речка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү. 

Жээк айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Абакиров Ранат Канатович жана Джумагулов Эркин Кимович катталышкан. Талапкерлер Абакиров Ранат Канатович жана Джумагулов Эркин Кимович Жээк айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган. 

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Жээк айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, Р.К. Абакировго – 7 добуш, Э.К. Джумагуловго – 4 добуш «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 7-июнундагы протоколу менен Абакиров Ранат Канатович Жээк айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Байгазиев Багыш Муратбекович, Жуматаев Нурбек Жекшенбекович жана Омуралиев Адис Мыктыбекович катталышган. Талапкерлер Байгазиев Багыш Муратбекович, Жуматаев Нурбек Жекшенбекович жана Омуралиев Адис Мыктыбекович Нурманбет айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Нурманбет айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаттын 20 депутаты катышып, Б.М. Байгазиевге – 4 добуш, Н.Ж. Жуматаевге – 3 добуш, А.М. Омуралиевге – 1 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 2 добуш берилгендиги белгиленген.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Омуралиев Адис Мыктыбекович Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Кыдыралиев Тилек Джумабекович, Тенизбаев Камбарбек Аиспбаевич жана Тологонов Аскат Момуналиевич катталышган. Талапкерлер Кыдыралиев Тилек Джумабекович, Тенизбаев Камбарбек Аиспбаевич жана Тологонов Аскат Момуналиевич Ысык-Ата айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Ысык-Ата айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаттын 21 депутаты катышып, Т.Д. Кыдыралиевге – 1 добуш, К.А. Тенизбаевге – 8 добуш, А.М. Толгоновго – 12 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Тологонов Аскат Момуналиевич Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Красная-Речка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Кожомамбетов Азамат Асанбекович катталган. Талапкер Кожомамбетов Азамат Асанбекович Красная-Речка айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Красная - Речка айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып, А.А. Кожомамбетовго – 21 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына –   добуш берилгендиги белгиленген.

Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Кожомамбетов Азамат Асанбекович Красная-Речка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк, Нурманбет, Ысык-Ата жана Красная - Речка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.    

2021-жылдын 7, 11, 12-июнундагы Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Жээк, Нурманбет, Ысык-Ата жана Красная - Речка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  29-беренесине ылайык,     

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Чүй облусунун Ысык-Ата районунун 2021-жылдын 7-июнунда өткөрүлгөн Жээк айыл өкмөттүнүн, 2021-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн Нурманбет жана Ысык-Ата айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылдын 12-июнунда өткөрүлгөн Красная-Речка айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 7, 11, 12 - июнундагы протоколдору бекитилсин.    

1.1. Чуй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк, Нурманбет, Ысык-Ата жана Красная - Речка айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.      

1.2. Абакиров Ранат Канатович Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Омуралиев Адис Мыктыбекович Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Толгонов Аскат Момуналиевич Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.5. Кожомамбетов Азамат Асанбекович Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Красная-Речка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Жээк, Нурманбет, Ысык-Ата жана Красная - Речка айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.    

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

2.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                               Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

                                                            

Бишкек ш., 2021-жылдын 21-июну

№ 537