21.06.2021 № 536 2021-жылы 16-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжаларытууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 16-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжаларытууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 28-майындагы №342токтому менен дайындалган Жалал-Абадоблусунун Базар-КоргонрайонунунАрстанбапайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.
Арстанбапайыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер –Чолпанов Икрамжон Сайфитдинович, Таштанбеков Улугбек Таштанбекович,Козиев Гайратжан Саркарбаевичкатталган. ТалапкерлерАрстанбапайылдык кеңешинин депутаттарынансунушталган.
Базар-Коргонаймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 16-июнундагыпротоколу менен Арстанбапайылдык кеңешиндеги 31 депутатыкатышып,1 турда: И. Чолпановго– 15 добуш, У. Таштанбековго – 15 добуш, Г. Козиевге– 1 добуш; 2 турда: И. Чолпановго– 19 добуш, У. Таштанбековго – 12 добушберилгендиги белгиленген.
Базар-Коргонаймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 16-июнундагыпротоколу мененЧолпанов Икрамжон СайфитдиновичАрстанбапайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Жалал-Абадоблусунун Базар-Коргонрайонунун Арстанбапайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 16-июнундагыБазар-Коргонаймактык шайлоо комиссиясынын Арстанбапайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынчабашкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын29-беренесинеылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 16-июнундаөткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Базар-КоргонрайонунунАрстанбапайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Базар-Коргонаймактык шайлоо комиссиясынын2021-жылдын16-июнундагыпротоколдору бекитилсин.
1.1. Жалал-Абадоблусунун Базар-Коргонрайонунун Арстанбапайыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Чолпанов Икрамжон СайфитдиновичЖалал-Абадоблусунун Базар-Коргонрайонунун Арстанбапайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Базар-Коргонаймактык шайлоо комиссиясы шайланган Арстанбапайыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 21-июну
№536