21.06.2021 № 535 ​​​​​​​2021-жылы 14, 15-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Кулжарайонунун Кызыл-Жар, Алайкуу жана Кара-Кулжа айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөн

2021-жылы 14, 15-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-Кулжарайонунун Кызыл-Жар, Алайкуу жана Кара-Кулжа айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2021-жылы 14, 15-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын26-майындагы № 320токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Кулжарайонунун Кызыл-Жар, Алайкуу жана Кара-Кулжаайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.

Кызыл-Жарайыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер –Абдилазиз уулу Бактыбек, Акматалиев Латипжан Абдыраманович, Жаныбаев Автандил Ысамаметович, Карыев Алымбек Убаневичкатталган. ТалапкерлерКызыл-Жарайылдык кеңештин депутаттарынансунушталган.

Кара-Кулжааймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагыпротоколу мененКызыл-Жарайылдык кеңешиндеги эки турдагы шайлоодо21 депутатын 20 депутатыкатышып,биринчи турунда, Б. Абдилазиз уулу - 9 добуш, Л.А. Акматалиев– 0 добуш, А.Ы. Жаныбаев– 4 добуш, А.У. Карыев – 7 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген, экинчи турунда, Б. Абдилазиз уулу - 11 добуш, А.У. Карыев– 9 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Кара-Кулжааймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагыпротоколу мененАбдилазиз уулу БактыбекКызыл-Жарайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Алайкууайыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер –Айтмерек уулу Алымкул, Иса уулу Нурдин, Касымакунов Жеңишбек Моңолбаевич, Эргешбаев Бактыбек Абдылдаевичкатталган. ТалапкерлерАлайкууайылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Кара-Кулжааймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүнжыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу Алайкууайылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып,А. Айтмерек уулу - 0 добуш, Н. Иса уулу– 7 добуш, Ж. М. Касымакунов– 0 добуш, Б.А. Эргешбаев– 12 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добушберилгендиги белгиленген.

Кара-Кулжааймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Эргешбаев Бактыбек АбдылдаевичАлайкууайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Кара-Кулжаайыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 6 талапкер –Исраилов Мирбек Акбарович, Нурмаматов Алмазбек Тагайбекович, Саипов Бакытбек Саипович, Сыдыков Нурланбек Тургумбекович, Эргешов Турдумамат Шермаматович, Жээнбеков Бактыбек Эрмаматовичкатталган. ТалапкерлерКара-Кулжаайылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Кара-Кулжаайылдык кеңешиндеги эки турдагы шайлоодо 31 депутатыкатышып,биринчи турунда, М.А. Исраилов - 7 добуш, А.Т. Нурмаматов– 5 добуш, Б.С. Саипов– 7 добуш, Н.Т. Сыдыков– 1 добуш, Т.Ш. Эргешов– 0 добуш, Б.Э. Жээнбеков– 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген, экинчи турунда, Б.Э. Жээнбеков - 24 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 7 добуш берилгендиги белгиленген.

Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Жээнбеков Бактыбек ЭрмаматовичКара-Кулжаайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ош облусунун Кара-Кулжарайонунун Кызыл-Жар, Алайкуу жана Кара-Кулжаайыл өкмөттөрүнүн башчыларыншайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 14, 15-июнундагыКара-Кулжааймактык шайлоо комиссиясынын Кызыл-Жар, Алайкуу жана Кара-Кулжаайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жанареферендум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынчабашкаруужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын49-беренесинеылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылы 14-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Кара-КулжарайонунунКызыл-Жар, Алайкуу, 2021-жылы 15-июнунда өткөрүлгөн Кара-Кулжаайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонуннатыйжалары тууралуу Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын2 021-жылдын 14, 15-июнундагы протоколдору бекитилсин.

1.1. Ош облусунун Кара-Кулжарайонунун Кызыл-Жар, Алайкуу жана Кара-Кулжаайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Абдилазиз уулу БактыбекОш облусунун Кара-КулжарайонунунКызыл-Жарайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3.Эргешбаев Бактыбек АбдылдаевичОш облусунун Кара-Кулжарайонунун Алайкууайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Жээнбеков Бактыбек ЭрмаматовичОш облусунун Кара-Кулжарайонунун Кара-Кулжаайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Кара-Кулжааймактык шайлоо комиссиясы шайланганКызыл-Жар, Алайкуу жана Кара-Кулжаайыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2021-жылдын 21-июну

№ 535