21.06.2021 № 533 2021-жылы 17-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунунНарынрайонунунМиң-Булак жана Чет-Нура айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 17-июнунда өткөрүлгөн Нарын облусунунНарынрайонунунМиң-Булак жана Чет-Нура айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын28-майындагы №344 токтому менен дайындалган Нарын облусунунНарын районунунМиң-Булак жана Чет-Нура айыл өкмөттөрүнүнбашчыларыншайлоо болуп өттү.
Миң-Булакайыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер Кудайбергенов Курманбек Асанович, Таалайбек уулу Камчыбек катталган. ТалапкерлерМиң-Булакайылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Нарынаймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 17-июнундагы протоколу мененМиң-Булакайылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутатыкатышып,К.А. Кудайбергенов – 11 добуш,Таалйбек уулу К – 9 добуш,«бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Нарынаймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 17-июнундагы протоколу менен Кудайбергенов Курманбек АсановичМиң-Булакайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 5 талапкер Абдыраймакунов Уланбек Кубанычбекович, Мортуков Акылбек Талантбекович, Мусурканов Азамат Нарынбекович, Назарбаев Жаныбек Сагыналиевич, Сыдыкбеков Талантбек Акматалиевич катталган. ТалапкерлерЧет-Нура айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Нарынаймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 17-июнундагы протоколу мененЧет-Нура айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутатыкатышып,У.К. Абдыраймакунов - 11 добуш,А.Т. Мортуков – 0добуш, А.Н. Мүсүрканов - 5 добуш, Ж.С. Назарбаев – 0 добуш, Т.А. Сыдыкбеков – 5 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Нарынаймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 17-июнундагы протоколу менен Абдыраймакунов Уланбек КубанычбековичЧет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Нарын облусунун Нарын районунунМиң-Булак жана Чет-Нураайыл өкмөттөрүнүнбашчыларыншайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 17-июнундагы Нарынаймактык шайлоо комиссиясынын Миң-Булак жана Чет-Нураайыл өкмөттөрүнүнбашчыларыншайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарыжана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде,«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7,18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын49-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүүбоюнчаборбордуккомиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун Нарын районунун 2021-жылы 17-июнунда өткөрүлгөнМиң-Булак жана Чет-Нураайыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Нарынаймактык шайлоо комиссиясынын2021-жылдын17-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Нарын облусунун Нарын районунунМиң-Булак жана Чет-Нураайыл өкмөттөрүнүнбашчыларыншайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Кудайбергенов Курманбек АсановичНарын облусунун НарынрайонунунМиң-Булакайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Абдыраймакунов Уланбек КубанычбековичНарын облусунун Нарынрайонунун Чет-Нураайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Нарынаймактык шайлоо комиссиясы шайланган Миң-Булак жанаЧет-Нураайыл өкмөттөрүнүнбашчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жанаКыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдооКыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 21-июну
№533