19.06.2021 № 521 2021-жылы 9, 10, 11, 12, 15 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим, Ибраимов, Искра, Шамшы, Онбир-Жылга, Сайлык, Чүй, Кегети жана Бурана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун на

2021-жылы 9, 10, 11, 12, 15 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим, Ибраимов, Искра, Шамшы, Онбир-Жылга, Сайлык, Чүй, Кегети жана Бурана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 

 

2021-жылы 9, 10, 11, 12, 15 -июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын  21 майындагы № 280, 2021-жылдын 25-майындагы № 310, 2021-жылдын 26-майындагы № 331 токтомдору менен дайындалган Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим, Ибраимов, Искра, Шамшы, Онбир-Жылга, Сайлык, Чүй, Кегети жана Бурана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү. 

 Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Ашыров Марс Мидинович жана Жоомартбекова Нуржан Жоомартбековна катталышкан. Талапкерлер Ашыров Марс Мидинович жана Жоомартбекова Нуржан Жоомартбековна Ак-Бешим айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Ак-Бешим айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, М.М. Ашыровго – 5 добуш, Н.Ж. Жоомартбековага – 6 добуш,  «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Жоомартбекова Нуржан Жоомартбековна Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 4 талапкер – Алиев Бакыт Нажимидинович, Курманкул уулу Алмаз, Токобаева Салтанат Мырзабековна жана Саскараев Орозбек Карымшакович катталышкан. Талапкерлер Алиев Бакыт Нажимидинович, Курманкул уулу Алмаз, Токобаева Салтанат Мырзабековна жана Саскараев Орозбек Карымшакович Ибраимов айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Ибраимов аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Ибраимов айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 10 депутаты катышып, 1 турда:  Б.Н. Алиевге – 4 добуш, Курманкул уулу А. – 5 добуш, С.М. Токобаевага – 0 добуш, О.К. Саскараевге – 1 добуш  «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш,  2 турда: Б.Н. Алиевге – 5 добуш, Курманкул уулу А. – 6 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Курманкул уулу Алмаз Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Искра айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Токталиев Жаныбек Сагынбекович жана Дуйшекеев Бекмырза Мырзабаевич катталышкан. Талапкерлер Токталиев Жаныбек Сагынбекович жана Дуйшекеев Бекмырза Мырзабаевич Искра айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Искра айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, Ж.С. Токталивевге – 5, Б.М. Дуйшекеевге – 6  добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Токталиев Жаныбек Сагынбекович Искра айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Шамшы айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Алышпаев Замир Тентимишович жана Чолчиев Бейшенбек Калыкович катталышкан. Талапкерлер Алышпаев Замир Тентимишович жана Чолчиев Бейшенбек Калыкович Шамшы айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.

Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Шамшы айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, З.Т. Алышпаев – 10 добуш, Б.К. Жолчиев – 1 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Алышпаев Замир Тентимишович Шамшы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Онбир - Жылга айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Сыдыков Ильичбек Сабырович катталган. Талапкер Сыдыков Ильичбек Сабырович Онбир-Жылга айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Таш-Мойнок айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, И.С. Сыдыковго – 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Сыдыков Ильичбек Сабырович Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Сайлык айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Момуналиев Талгарбек, Усенбек уулу Мирлан жана Сапарбаев Азамат Ордонбекович катталышкан. Талапкерлер Момуналиев Талгарбек, Усенбек уулу Мирлан и Сапарбаев Азамат Ордонбекович Сайлык айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Сайлык айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, Т. Момуналиевге – 0 добуш, Усенбек уулу М. – 10 добуш, А.О, Сапарбаевге – 1 добуш «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Усенбек уулу Мирлан Сайлык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Чүй айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Жекшен уулу Аскат жана Сулайманов Самат Жумабекович катталышкан. Талапкерлер Жекшен уулу Аскат жана Сулайманов Самат Жумабекович Чүй айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Чүй айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 19 депутаты катышып, Жекшен уулу А. – 2 добуш, С.Ж. Сулаймаановго – 16 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.

Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Сулайманов Самат Жумабекович Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Кегети айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Медетов Калыс Самудинович жана Осмоналиев Азат Акылбекович катталышкан. Талапкерлер Медетов Калыс Самудинович жана Осмоналиев Азат Акылбекович Кегети айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Кегети аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Кегети айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып, 1 турда:  К.С. Медетовго – 10 добуш, А.А. Осмоналиевге – 9 добуш,  «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 2 добуш,  2 турда: К.С. Медетовго – 13 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 8 добуш берилгендиги белгиленген.

Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Медетов Калыс Самудинович Кегети айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

 

Бурана айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Акматов Замир Кылычбекович, Оскенов Акылбек Бозумович жана Токомбаев Нурлан Бактыбекович катталышкан. Талапкерлер Акматов Замир Кылычбекович, Оскенов Акылбек Бозумович жана Токомбаев Нурлан Бактыбекович Бурана  айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.

Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Бурана айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 19 депутаты катышып, З.К. Акматовго – 1 добуш, А.Б. Оскеновго – 13 добуш, Н.Б. Токомбаевге – 5 добуш,  «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 15-июнундагы протоколу менен Оскенов Акылбек Бозумович Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим, Ибраимов, Искра, Шамшы, Онбир-Жылга, Сайлык, Чүй, Кегети жана Бурана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.    

2021-жылдын 9, 10, 11, 12, 15 - июнундагы Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын Ак-Бешим, Ибраимов, Искра, Шамшы, Онбир-Жылга, Сайлык, Чүй, Кегети жана Бурана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  29-беренесине ылайык,      

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча  борбордук  комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Чүй облусунун Чүй районунун 2021-жылдын 9-июнунда өткөрүлгөн Ак-Бешим жана Ибраимов айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылдын 10-июнунда өткөрүлгөн Искра айыл өкмөттүнүн, 2021-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн Шамшы жана Онбир-Жылга айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылдын 12-июнунда өткөрүлгөн Сайлык жана Чүй айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылдын 15-июнунда өткөрүлгөн Кегети жана Бурана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 9, 10, 11, 12, 15 - июнундагы протоколдору бекитилсин.    

1.1. Чуй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим, Ибраимов, Искра, Шамшы, Онбир-Жылга, Сайлык, Чүй, Кегети жана Бурана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.     

1.2. Жоомартбекова Нуржан Жоомартбековна Чүй облусунун Чүй районунун Ак-Бешим айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.3. Кабиров Курманкул уулу Алмаз Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.4. Токталиев Жаныбек Сагынбекович Чүй облусунун Чүй районунун Искра айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.5. Алышпаев Замир Тентимишович Чүй облусунун Чүй районунун Шамшы айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.6. Сыдыков Ильичбек Сабырович Чүй облусунун Чүй районунун Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.7. Усенбек уулу Мирлан Чүй облусунун Чүй районунун Сайлык айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.8. Сулайманов Самат Жумабекович Чүй облусунун Чүй районунун Чүй айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.9. Медетов Калыс Самудинович Чүй облусунун Чүй районунун Кегети айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

1.10. Оскенов Акылбек Бозумович Чүй облусунун Чүй районунун Бурана айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Чүй аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Ак-Бешим, Ибраимов, Искра, Шамшы, Онбир-Жылга, Сайлык, Чүй, Кегети жана Бурана айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.    

3.  Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

2.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА      

                                                            

Бишкек ш., 2021-жылдын 19-июну

№ 521