19.06.2021 № 520
2021-жылы 5, 9, 10, 11, 12, 14 -июнунда өткөрүлгөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн, Октбярь, Көк-Жар, Ак-Дөбө, Таш-Мойнок, Лебединовка, Пригородный, Ала-Арча жана Гроздь айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 5, 9, 10, 11, 12, 14 -июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 19-майындагы № 237, 2021-жылдын 21-майындагы № 275, 2021-жылдын 25-майындагы № 304, 2021-жылдын 26-майындагы № 329 токтомдору менен дайындалган Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн, Октбярь, Көк-Жар, Ак-Дөбө, Таш-Мойнок, Лебединовка, Пригородный, Ала-Арча жана Гроздь айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Кольбаев Найзабек Асанбекович катталган. Талапкер Н.А. Кольбаев Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Аламүдүн айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып, Н.А. Кольбаев – 21 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 5-июнундагы протоколу менен Кольбаев Найзабек Асанбекович Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 7 талапкер – Алимкулов Топчубай Шералиевич, Асакеев Мидин Бадырович, Бокобаев Кубатбек Кубанычбекович, Гапаров Акылбек Икрамович, Кабиров Саймудин Одинаевич, Кудайбердиев Нургазы Абдигапарович жана Момбекова Наргиза Кулжабаевна катталышган. Талапкерлер Т. Ш. Алимкулов, М. Б. Асакеев, К. К. Бокобаев, А. И. Гапаров, С. О. Кабиров, Н. А. Кудайбердиев жана Момбекова Н. К. Октябрь айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Октябрь айылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаттын 21 депутаты катышып, 1 турда: Т.Ш. Алмикуловго - 0 добуш, М.Б. Асакеевге - 0 добуш, К.К Бокобаевга– 0 добуш, А.И. Гапаровго– 3 добуш, С.О. Кабировго– 8 добуш, Н.А. Кудайбердиевге – 9 добуш, Н.К. Момбековага – 1 добуш «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 0 добуш, 2 турда: С.О. Кабировго – 11 добуш, Н.А. Кудайбердиевге – 9 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына - 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Кабиров Саймудин Одинаевич Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Джумалиев Эдиль Асыкбаевич катталган. Талапкер Э.А. Джумалиев Көк-Жар айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Көк-Жар айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, Э.А. Джумалиевге – 19 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 9-июнундагы протоколу менен Джумалиев Эдиль Асыкбаевич Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Сакиев Белек Ильичбекович катталган. Талапкер Б.И. Сакиев Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталган.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Ак-Дөбө айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, Б.И. Сакиев – 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Сакиев Белек Ильичбекович Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Асанкулов Бекболсун Сатаркулович, Кенджегозиев Нурбек Акылбекович жана Ташматов Сапар Планович катталышкан. Талапкерлер Б.С. Асанкулов, Н.А. Кенджегозиев жана С.П. Ташматов Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Таш-Мойнок айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 20 депутаты катышып, Б.С. Асанкуловго – 11 добуш, Н.А. Кенджегозиевге – 2 добуш, С.П. Ташматовго – 7 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Асанкулов Бекболсун Сатаркулович Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Качкынбай уулу Адилет катталган. Талапкер Качкынбай уулу А. Лебединовка айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Лебединовка айылдык кеңешиндеги 31 депутаттын 29 депутаты катышып, Качкынбай уулу А. – 28 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 1 добуш берилгендиги белгиленген.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Качкынбай уулу Адилет Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Нусубалиев Адилет Абылгазиевич жана Шеримбеков Бакыт Кемелканович катталышкан. Талапкерлер А.А. Нусубалиев жана Б.К. Шеримбеков Пригородный айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Пригородный айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 21 депутаты катышып, А.А. Нусубалиевге – 8 добуш, Б.К. Шеримбековго – 13 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Шеримбеков Бакыт Кемелканович Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Ниязова Гулькайыр Элебесовна катталган. Талапкер Г.Э. Ниязова Ала-Арча айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Ала-Арча айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, Н.Э. Ниязовага. – 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Ниязова Гулькайыр Элебесовна Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Гроздь айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Джумалиев Тимур Болотович жана Дозалиева Алиман Тоштуковна катталышкан. Талапкерлер Т.Б. Джумалиев жана А.Т. Дозалиева Гроздь айылдык кеңешинин депутаттарынан сунушталышкан.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Гроздь айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 11 депутаты катышып, Т.Б. Джумалиевге – 7 добуш, А.Т. Дозалиевага – 4 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 14-июнундагы протоколу менен Джумалиев Тимур Болотович Гроздь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн, Октбярь, Көк-Жар, Ак-Дөбө, Таш-Мойнок, Лебединовка, Пригородный, Ала-Арча жана Гроздь айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 5, 9, 10, 11, 12, 14-июнундагы Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын Октбярь, Көк-Жар, Ак-Дөбө, Таш-Мойнок, Лебединовка, Пригородный, Ала-Арча жана Гроздь айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун 2021-жылдын 5-июнунда өткөрүлгөн Аламүдүн айыл өкмөттүнүн, 2021-жылдын 9-июнунда өткөрүлгөн Октябрь жана Көк-Жар айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылдын 10-июнунда өткөрүлгөн Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн, 2021-жылдын 11-июнунда өткөрүлгөн Таш-Мойнок жана Лебединовка айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылдын 12-июнунда өткөрүлгөн Пригородный жана Ала-Арча айыл өкмөттөрүнүн, 2021-жылдын 14-июнунда өткөрүлгөн Гроздь айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 5, 9, 10, 11, 12, 14 - июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Чуй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн, Октбярь, Көк-Жар, Ак-Дөбө, Таш-Мойнок, Лебединовка, Пригородный, Ала-Арча жана Гроздь айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Кольбаев Найзабек Асанбекович Чүй облусунун Аламүдүн районунун Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Кабиров Саймудин Одинаевич Чүй облусунун Аламүдүн районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.4. Джумалиев Эдиль Асыкбаевич Чүй облусунун Аламүдүн районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.5. Сакиев Белек Ильичбекович Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.6. Асанкулов Бекболсун Сатаркулович Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.7. Качкынбай уулу Адилет Чүй облусунун Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.8. Шеримбеков Бакыт Кемелканович Чүй облусунун Аламүдүн районунун Пригородный айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.9. Ниязова Гулькайыр Элебасовна Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.10. Джумалиев Тимур Болотович Чүй облусунун Аламүдүн районунун Гроздь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Аламүдүн, Октбярь, Көк-Жар, Ак-Дөбө, Таш-Мойнок, Лебединовка, Пригородный, Ала-Арча жана Гроздь айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 19-июну
№ 520