18.02.2022 №18 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

 

Шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын бекитүү боюнча Таш-Көмүр, Токтогул, Аксы, Сузак, Тоң, Ак-Тала, Ат-Башы, Араван, Кара-Суу, Жайыл, Москва, Сокулук, Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн  2, 4, 5-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 31 Жарлыгына ылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2022-жылдын 10-апрелине дайындалган Жалал-Абад облусунун Таш-Кѳмүр шаардык кеңешинин, Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин, Аксы районунун  Кара-Жыгач айылдык кеңешинин, Сузак районунун Кѳк-Арт айылдык кеңешинин, Ысык-Кѳл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин,  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок-Молдо айылдык кеңешинин, Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин, Ош облусунун Араван районунун С.Юсупов айылдык кеңештеринин, Кара-Суу районунун Ак-Таш, Тѳлѳйкөн айылдык кеңештеринин, Чүй облусунун Жайыл районунун  Кара-Балта шаардык,  Кемин районунун Жаңы-Алыш, Кара-Булак, Кѳк-Ойрок айылдык кеңештеринин, Москва районунун Александровка айылдык кеңешинин, Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2022-жылдын 18-февралы

№ 18