22.03.2023 №18 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө
2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын (мындан ары – АШК) 2023-жылдын 17-мартындагы №10, №11, Баткен АШКнын 2023-жылдын 17-мартындагы №9, Кара-Суу АШКнын 2023-жылдын 15-мартындагы №7, Ноокат АШКнын 2023-жылдын 14-мартындагы №5/1, Кара-Кулжа АШКнын 2023-жылдын 19-мартындагы №9, Алай АШКнын 2023-жылдын 14-мартындагы №8, Кара-Буура АШКнын 2023-жылдын 17-мартындагы, №12, Жайыл АШКнын 2023-жылдын 18-мартындагы №10, Аламүдүн АШКнын 2023-жылдын 19-мартындагы №26 чечимдери менен 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо бюллетендердин тексттери бекитилген.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, шайлоо бюллетендеринин формасы жана аны сактоо даражасы Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 22-февралындагы №12 жана 2023-жылдын 7-мартындагы №17 токтомдору менен 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо электрондук добуш берүүнү жана идентификациялоонун модернизацияланган түзүлүштөрүн пилоттук режимде апробациялоо жөнүндө чечим кабыл алынган.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 22-февралындагы №12 токтому менен бекитилген убактылуу жобонун 13-пунктуна ылайык: «Талапкерлердин сүрөтү менен электрондук бюллетендин формасын жана текстин мамлекеттик жана расмий тилдерде КР БШК бекитет, мында талапкерлерди жайгаштыруу тартиби кагаз түрүндѳгү шайлоо бюллетенинин текстине дал келтирилет».
«Шайлоочуларды идентификациялоонун модернизацияланган жабдууларын пилоттук режимде апробациялоонун айрым маселелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 22-мартындагы №6 чечими менен Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айылдык кеңешинин шайлоо участкалары шайлоочуларды идентификациялоонун модернизацияланган түзүлүштөрүн пилоттук режимде апробациялоо үчүн участкалар катары аныкталган.
«Кыргыз Республикасынын Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 6-февралындагы ПЖ № 19 Жарлыгына ылайык, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин, «Катуу көзөмөлдөгү отчеттуулук документтерин даярдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 22-сентябрындагы № 540 токтомун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 22-январындагы №13 токтому менен бекитилген «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо бюллетендерин даярдоо, өткөрүп берүү жана сактоо тартиби жөнүндө» Жобону, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 22-февралындагы №12 токтому менен бекитилген пилоттук режимде электрондук добуш берүүнүн тартиби жөнүндө Убактылуу жобону жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек, Көк-Ой айылдык кеңештеринин, Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кеңештеринин, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешинин, Алай районунун Кабылан-Көл айылдык кеңешинин, Ноокат районунун Н. Исанов айылдык кеңешинин, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештеринин, Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылдык кеңешинин, Аламүдүн районунун Байтик айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендеринин формасы жана коргоо даражасы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетенинин формасы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. 2023-жылдын 9-апрелине дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча электрондук шайлоо бюллетенинин формасы 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо бюллетендерин даярдоо Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 24 дареги боюнча жайгашкан «Учкун» ААКсында ишке ашырылсын.
5. Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетендерин даярдоону пилоттук режимде модернизацияланган идентификациялоо түзүлүштөрүн пайдалануу менен шайлоо участкаларында жүргүзүү аныкталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты мыйзамда белгиленген тартипте шайлоо бюллетендерин аймактык шайлоо комиссияларына жеткирүүнү жана өткөрүп берүүнү камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
7. Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгы жана маалымат-коммуникация технологиялар башкармалыгы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо бюллетендерин даярдоо процессинде шайлоо бюллетендеринин формасынын жана коргоо даражасынын талаптарын камсыздоо максатында алдын-ала тестирлөөнү ишке ашырсын.
8. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын (тиркемесиз).
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш. 2023-жылдын 22-марты
№ 18