17.10.2022 №93 2022-жылдын 9-октябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2022-жылдын 9-октябрында болуп өткөн Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө
2022-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 9-августундагы № 280 Жарлыгы менен дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо болуп өттү.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө 5 шайлоо округу түзүлүп, 5 шайлоо участогу уюштурулган.
Майдан айылдык кеңешинде депутаттык мандаттын саны - 21, анын ичинен 9 мандат аялдар үчүн калтырылган. 44 талапкер катталган, анын ичинде - 11 аял.
Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы 5 участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорунун негизинде Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилеп, шайлоонун натыйжасын аныктаган.
Шайлоочулардын тизмесине 8120 шайлоочу кирген, анын ичинен 3130 шайлоочу добуш берүүгө катышып, 38,55%ды түздү.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде арыз жана даттануулар түшкөн жок.
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 27-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 2-беренелерине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 9-октябрындагы Майдан айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына жана Майдан айылдык кеңешине жиберилсин.
4. Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө Майдан айылдык кеңешинин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2022-жылдын 17-октябры
№ 93