23.09.2024 №136 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 321-беренесин ишке ашыруу максатында,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө" Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом “Эркин-Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү аймактык шайлоо комиссияларына жөнөтүлсүн
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У. Шайназаровго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек, 2024-жылдын 23-сентябры
№ 136