17.08.2021 №651 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо процессинде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектѳѳчү жабдыктарын иштеп чыгууга, ѳркүндѳтүү
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо процессинде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектѳѳчү жабдыктарын иштеп чыгууга, ѳркүндѳтүүгѳ, ишке киргизүүгѳ жана коштоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү сатып алууну ишке ашыруунун эрежелери жѳнүндѳ
«Мамлекеттик сатып алуулар жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бѳлүгүнүн 15-пунктуна ылайык сатып алуучу уюм Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү тарабынан белгиленген тартипте улуттук коргонууну жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу учурларда түздөн-түз келишим түзүү усулу аркылуу сатып алууларды өз алдынча сатып алууларды жүргүзүүгѳ укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы №398 токтому менен улуттук коргонууга, улуттук коопсуздукка, мамлекеттик сырды, маалыматтык коопсуздукту коргоого жана табыгый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү сатып алуунун тартиби бекитилген.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августундагы №127 токтому менен маалыматтык коопсуздуктук камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн жогоруда аталган токтомуна бекитилген тартиптке ылайык мамлекеттик сатып алууларды ишке ашырууга укуктуу мамлекеттик органдардын тизмесине Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясын киргизүү бѳлүгүндѳ ѳзгѳртүү киргизилген. Ошондой эле шайлоо процессинде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектѳѳчү жабдыктарын иштеп чыгууга, ѳркүндѳтүүгѳ, ишке киргизүүгѳ жана коштоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү сатып алуу улуттук коопсуздукту, атап айтканда маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу алкагында ишке ашырылуучу мамлекеттик сатып алууларга киригизилип кошулган.
Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы №398 токтомунун 2-пункту менен бекитилген тартипке ылайык мамлекеттик органдарга мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн ички эрежесин иштеп чыгуу каралган.
Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу, шайлоо процессинде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектѳѳчү жабдыктарын иштеп чыгууга, ѳркүндѳтүүгѳ, ишке киргизүүгѳ жана коштоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү сатып алууну ишке ашыруунун эрежесин белгилѳѳ максатында, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан шайлоо процессинде колдонулуучу программалык камсыз кылууну жана шайлоо жабдууларын жана алардын комплектѳѳчү жабдыктарын иштеп чыгууга, ѳркүндѳтүүгѳ, ишке киргизүүгѳ жана коштоого байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү сатып алууну ишке ашыруунун эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктѳлсүн.
ТӨРАГА Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 17-августу
№ 651